Жети-Өгүз районун 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жыйын өттү

Аймак Загрузка... 25 Июль 2025 14:07
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Бүгүн Жети-Өгүз районунда 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулаган жыйын өттү. Бул туралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев төрагалык кылды.

Анда Жети-Өгүз районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоонун алкагында бул райондун 2030-жылга чейин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталган маселелер каралды.

Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин өзгөчө маанилүүлүгү белгиленди. Анын ичинде ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин кеминде 8 пайыз деңгээлинде камсыз кылуу зарыл.

"Жети-Өгүз району айрыкча кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба жана туризм тармактарында чоң потенциалга ээ. Улуттук программанын алкагындагы максатыбыз – Жети-Өгүз районунун потенциалын инфраструктураны өнүктүрүү, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана туруктуу экономикалык өнүгүүнүн багытын ишке ашыруу болуп саналат", - деди Төрөбаев.

Жыйындын жыйынтыгында Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына Улуттук программада белгиленген артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана өнүктүрүү векторлоруна (айылчарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу, райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү жана башка тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы КР президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 жарлыгы менен кабыл алынган. Программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Жыйынга Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.