Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 275 орундуу Э. Гапаров атындагы жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталган. Объекттин жалпы наркы 102 млн сомду түзөт.
"Мектептин имараты эки кабаттан туруп, заманбап талаптарга жооп берет. Анда окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт залы каралган", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, мектептин жалпы аянты 1 596 чарчы метрди түзөт. Учурда имараттын терезелери толугу менен орнотулуп, ички жана тышкы курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.