Жети-Өгүздөгү "Жарылган жүрөк" аскасы – видео

Коом Загрузка... 23 Июль 2025 11:25
copyright icon Кабар Исхак Туратбеков

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз өрөөнү Тескей-Ала-Тоонун түндүгүндө, Жети-Өгүз суусунун боюнда жайгашкан. Өрөөн уникалдуу ландшафттары жана курорт байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Табияты өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган Жети-Өгүз курортунун (2200–2400 м) аймагы, анын түндүк жагындагы Кызыл-Жар аскасы өзүнүн табигый кооздугу менен көп элге маалым. Анын чыгыш уландысы Кызыл-Үңкүр деп аталат. Асканын түндүк капталы (ортосунан жарылган) жүрөк формасын элестеткендиктен, аны "Жарылган жүрөк" деп жүрүшөт.