Жети-Өгүздөгү "Спорт лагери" мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 12 Март 2025 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы "Спорт лагерин" Кызыл-Суу айылына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Алсак, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан "Спорт лагеринин" имараты жанаша жайгашкан жер тилкеси (пайдалуу аянты 162,2 чарчы метр, жанаша аянты 213,67 чарчы метр) менен мамлекеттик менчикке кайтарылып берилди.

2003-жылы аталган "Спорт лагери" жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылганы аныкталган. Мындан улам азыркы менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрүнө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде мурдагы "Спорт лагеринин" имаратын өткөрүп беришкен.