Жети-Өгүздө“Ак илбирсти коргоо – 2026” фестивалы өттү

Аймак 684 03 Февраль 2026 09:55
627675277_1463394692461827_4107942704601294644_n (1).jpg
627016745_1463395199128443_8055807128838526026_n.jpg
627691085_1463395132461783_3074580230278962482_n.jpg
626705872_1463395109128452_2657091318229951986_n.jpg
627358084_1463395052461791_5155763480354796781_n.jpg
626799624_1463395085795121_7981787874073948461_n.jpg
627677754_1463395019128461_5936270810157590954_n.jpg
627353936_1463394965795133_623643227533840942_n.jpg
627375573_1463394949128468_4841482226711679876_n.jpg
627484435_1463394902461806_4155161091133040368_n.jpg
626763328_1463394865795143_6777925344410924542_n.jpg
627486026_1463394825795147_307354555094661030_n.jpg
626710447_1463394765795153_2544880239186461673_n.jpg
626533019_1463394722461824_8711541480684933596_n.jpg
626845448_1463394649128498_6574488667097768090_n.jpg
627343793_1463394652461831_2614611784662913130_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында 31-январда өткөн “Ак илбирсти коргоо – 2026” фестивалына катышты. 

Иш-чара ак илбирсти коргоо, райондун жаратылыш-маданий мурастарын жайылтуу, туристтерди тартуу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында адамдарды бириктирүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды. 

Фестивалдын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун келечектүү туристтик багыттарынын бирине айланган көрүнүктүү жерлердин бири болгон нефрит ташынын жанында жайгашкан кароо аянтчасынын жана көпүрөнүн расмий ачылышы болуп өттү. 

Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Динара Кемелова президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстандын улуттук символуна айланган ак илбирс өлкөнүн жаратылыш байлыгын чагылдырарын жана тоо экосистемасынын саламаттыгынын маанилүү көрсөткүчү болуп саналарын белгиледи. 

Ал Ак илбирсти сактоо боюнча иш экосистемаларды коргоону, тоо жериндеги калктын жашоо-шарттарын жакшыртууну жана жоопкерчиликтүү экотуризмди өнүктүрүүнү камтыган Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023–2027-жылдар) алкагында системалуу негизде жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. 

Фестивалдын алкагында муз, кар, пенопласт жана башка материалдардан жасалган ак илбирстин айкелдеринин жана экспонаттарынын, сүрөттөрдүн жана чыгармалардын сынагы өтуп, ага Жети-Өгүз районунун мектеп окуучулары, мугалимдери жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары катышты.

 Улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү, ат минүү жана чана тебүү, ошондой эле улуттук тамактар көрсөтүлдү. 

Иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын, бизнес чөйрөнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, Жети-Өгүз жана башка райондордун тургундары, ошондой эле чет элдик коноктор катышты. Фестивалга жалпысынан 2000ден ашуун катышуучу чогулду.