Эл үнүнө ыкчам реакция: Жети-Өгүздө сапатсыз төшөлгөн асфальт буздурулду

Аймак Загрузка... 23 Апрель 2026 16:35
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында талапка жооп бербеген асфальт буздурулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Буга чейин аталган айылдын тургундарынан видео кайрылуу келип түшкөн. Видеодо төшөлүп жаткан асфальттын сапаты начар экендиги айтылган.

Натыйжада Сарт-Аке көчөсүндө капиталдык оңдоодон өтүп жаткан жолго текшерүү жүргүзүлдү. Долбоордун жалпы узундугу 2,2 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 1 чакырым аралыкта жолдун бир тарабына асфальт төшөлгөн. Бирок, анын сапаты жана калыңдыгы долбоордун талаптарына шайкеш келбеген 200 метр участогу аныкталып, буздурулду.

Учурда аныкталган кемчиликтер боюнча подрядчы уюмга карата тиешелүү чаралар көрүлүп, бардык иштерди долбоордук ченемдерге ылайык кайра аткаруу боюнча милдеттенмелер коюлду.