Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл жыл аягына чейин 128 өндүрүш ишканасын пайдаланууга берүү пландалган. Алардын арасында "М Групп Инвестициялык өнөр жай корпорациясы" ЖЧКсынын кыш заводу дагы бар. Аталган завод Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында курулуп жатат. Бүгүн биз компаниянын директорунун орун басары Махабат Жунусова менен заводдун курулушу, инвестициянын көлөмү жана ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылабыз.

Жунусованын айтымында, заводдун аянты 14 миң чарчы метрди түзүп, Ысык-Көл облусу боюнча ири заводдордун бири болмокчу.
"Анын өндүрүш кубаттуулугу суткасына 150-200 миң кыш өндүрүүгө пландалган. Чыгарылган кыш заманбап жаңы технологияда өндүрүлөт жана маркасы М-150нү түзөт. Бул азыркы учурдагы эң жогорку сапатка ээ болгон курулуш материалы болуп эсептелинет", - деди ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө заводдун курулушу өз нугунда жүрүп жатат. Анын бетон иштери аяктап, негизги металл конструкциялары орнотулууда. Заводдун жабдуулары толугу менен Кытайдан буюртма кылынган. Учурда жабдуулардын даярдалышы толугу менен бүткөрүлүп, Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.
"Долбоордун жалпы наркы 10 млн долларды түзөт, ага курулуш иштери, жабдуулар, инженердик иштер жана башкалар кирет. Анын 5 млн доллары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя катары алынган, ал эми калган 5 млн доллары жергиликтүү инвестор тарабынан каржыланып жатат", - деген ал кыш заводу ишке берилгенден тартып туруктуу 50дөн ашык жумушчу орун түзүлөрүн белгиледи.

Жунусова маалымдагандай, жумушчу орундардын дээрлик 80 пайызы жергиликтүү калктын эсебинен түзүлөт, ошондой эле калкка кыш арзандатылган баа менен берилет. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын казынасына, социалдык фондго милдеттүү төгүмдөр жана киреше салыгы төлөнүп, муктаж болгондорго соцалдык жардамдар көрсөтүлөт.
"Кыш заводу аймак үчүн стратегиялык объект болуп саналат жана курулуш материалынын жетишсиздигин камсыздоого жана аймактын экономикасынын, ошондой эле инфраструктурасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот", - деп сөзүн жыйынтыктады Махабат Жунусова.