Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы "Натали Резорт" эс алуу жайынын аймагында заманбап экологиялык көзөмөл мунарасы орнотулду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, көзөмөл мунарасы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, браконьерлерге каршы күрөшүү жана коомдук тартипти сактоо максатында
Жаңы мунара эл аралык стандарттарга жооп берген техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Көп функциялуу видеокамералар 24/7 режиминде иштеп, 40 чакырымга чейинки аралыкты көзөмөлдөй алат. Ошондой эле жылуулук сенсорлору 5 чакырым аралыкта адамды жүзүнөн аныктап, 7 чакырымга чейинки жылуулук булактарын так байкай алат.
Мунарадан алынган маалымат Ички иштер министрлиги менен облустук милициянын кырдаал борборлоруна реалдуу убакытта жеткирилип, мыйзамсыз экологиялык аракеттерге, анын ичинде браконьерликке жана токой ресурстарын зыянга учураткан иштерге ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт.
Мисалы, мунара орнотулган күнү эле саат 23:30 чамасында көл жээгинде кайырмак менен балык уулап жүргөн адамдарды көрсөтүп, сигнал берген. Милиция кызматкерлери барып, текшерүү жүргүзгөн учурда балык уулоочуларда тиешелүү мыйзамдуу документтер болгон эмес.
Бүгүнкү күндө бул экологиялык көзөмөл мунарасы Ысык-Көлдө орнотулган үчүнчү объект болуп саналат. Буга чейин ушундай эле конструкциялар Түп районунун Кудургу жана Тогуз-Булак айылдарында ишке киргизилген. Жалпысынан облустун аймагында 11 көзөмөл мунарасын орнотуу пландалууда.