Жети-Өгүздө курулуп жаткан кыш заводу күзүндө ишке берилет

Аймак Загрузка... 17 Апрель 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Сапарынын алкагында минкаб башчысы Жети-Өгүз районунда кыш чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты. 

Маалым болгондой, өткөн жылдын жаз мезгилинде башталган курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине карата бүткөрүү пландалууда. Жалпы инвестициянын көлөмү 6,5 млн доллар. 

Завод ишке берилгенден тартып күнүнө 200 миң даанага чейин кыш чыгаруу кубаттуулугу бар. Жергиликтүү тургундар жумуш орундары менен камсыз болот. 

Долбоордун максаты — аймактагы курулуш материалдарына болгон суроо-талапты камсыз кылуу, импортту азайтып, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш орундары менен камсыздоо. Натыйжада, облустагы инфраструктуралык долбоорлорду жергиликтүү продукция менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. 

Анда Адылбек Касымалиев, бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү менен бирге тышкы инвесторлорго гана эмес, ички инвесторлорго дагы көңүл буруу абдан маанилүү экенин билдирип, ишкерлер үчүн мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо болоорун кошумчалады. 

Мындан тышкары, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө “Ысык-Көл облусунда 2025-2026-жылга өнүгүү чекит долбоорунун” алкагында кеңешме болду. Анда бул долбоорду ишке ашыруу менен Ысык-Көл облусунун инфраструктурасы жакшыртылып, бизнес чөйрөсү өнүгүп, жашоо сапат жогорулап, натыйжада аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошулары айтылды.