Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Жети-Өгүздө автоээнбаштык жасаган той кортежине 50 миң сом айып салынып, айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунда социалдык тармактарда тараган видео тасманын негизинде автоээнбаштык кылган айдоочулар кармалды. Тасмада Toyota Camry жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалардын жол эрежесин одоно бузуп, автоээнбаштык жасаганы тартылган.
Башкармалыктын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаранын жыйынтыгында аталган унаалар табылып, айып короого токтотулду.
Текшерүү маалында айдоочулардын бири мас абалында экени жана унаалардын биринде жасалма номер белгиси орнотулганы аныкталды.
Бул факты боюнча унаа атайын айып короосуна токтотулду.
Эми айдоочу соттун чечимине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн бир жылга айдоочулук укугунан ажыратылат.