Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. 29-январда таңкы саат 04:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак аймагында жеке турак жайлардын биринин короосуна ак илбирс кирген учур катталган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, бул окуя боюнча Instagram социалдык тармагында тараган видео материалдын негизинде маалымат алынган. Видеону үй ээси өзү тартып, коомчулукка жарыялаган.
Анын билдирүүсүнө ылайык, жырткыч короого кирип, үй жаныбарына кол салган. Кожоюн сыртка чыккан учурда илбирс бир эчкини басып алган. Бул короого илбирс мурда да кирип кеткен учурлар болгондугу айтылууда.
Алдын ала божомолдорго ылайык, илбирс карыган болушу мүмкүн, анткени эчкини толук тиштеп, олжону алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калган. Бул жырткычтын табигый аңчылык жөндөмүнүн төмөндөшү менен байланыштуу болушу ыктымал.
Үй ээсинин айтымында, илбирс айыл аймагына маал-маалы менен келип турат, кээде короолордун жанынан жырткычтын бут издери да байкалат. Бул жолу илбирс Тескей жайлоосу тарапка кеткен.
Министрлик жарандарды жапайы жаныбарлар байкалган учурда сак болууга, коопсуздук эрежелерин карманууга жана мындай фактылар боюнча ыкчам түрдө тиешелүү органдарга кабар берүүгө чакырат.