Жети-Өгүздө 8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 31 Декабрь 2025 15:24
FB_IMG_1767172733453.jpg
FB_IMG_1767172735366.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767172733453.jpg
FB_IMG_1767172735366.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Жети-Өгүздө 8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратурасы тарабынан Кыргызстандын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2008-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө жалпы 8 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өтүп кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондун прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде баасы 7 млн 815 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.