Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген 34 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталган. Ошондой эле аталган айыл чарба багытындагы жер тилкесине мыйзамсыз курулуш курулгандыгы такталган.
Текшерүүнүн натыйжасында, райондун прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 34 млн 56 миң сомго бааланган жер тилке имараты менен бирге мамлекетке кайтарылды.