Жети-Өгүздө 14 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 09 Апрель 2025 17:24
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Жети-Өгүздө 14 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну 1999-жылдан бери Ак-Дөбө айыл башкармалыгынын балансында турган 14 га жер участогун мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээси жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экендигин түшүнүп, 14 га жерди Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын балансына ыктыярдуу негизде кайтарып берди.