Жети-Өгүздө 145 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды — Кабар

Жети-Өгүздө 145 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 3 апрель 2025 10:48
488599540_1504974327128237_7747962351587560592_n.jpg
488457223_1504974613794875_7354539650045928013_n.jpg
488659255_1504974353794901_4796586731168007789_n.jpg
Алдыга
Артка
488599540_1504974327128237_7747962351587560592_n.jpg
488457223_1504974613794875_7354539650045928013_n.jpg
488659255_1504974353794901_4796586731168007789_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 033.04.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы 145 га жер тилкени мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК багыты боюнча пайдаланылбаган жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Алсак, 2008-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен Ысык-Көлдүн жанындагы 195 га жер тилкеси жеке адамга айыл чарба багытында пайдаланууга, алма бак тигүү максатында өткөрүлүп берилгени аныкталган. Бирок, көрсөтүлгөн мезгилде 50 га гана өздөштүрүлүп, максаттуу багыты боюнча пайдаланылган, ал эми калган 145 га такыр пайдаланылбай калган.

Жогорудагыларды эске алуу менен, жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экенин жана ал максатсыз пайдаланылганын түшүнүп, менчик ээси ыктыярдуу негизде 145 га жерди Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып берди.