Быйыл Ысык-Көлдө 3 курорттук жай оңдолот – Каныбек Туманбаев

Аймак 1508 22 Апрель 2025 11:30
492573334_1489251585377095_1139225705005628912_n.jpg
491972149_1489251732043747_7904056009178583059_n.jpg
491982069_1489251645377089_5332885321887302769_n.jpg
492006563_1489251728710414_8250107462317924159_n.jpg
492131815_1489251745377079_5564074209031749381_n.jpg
Алдыга
Артка
492573334_1489251585377095_1139225705005628912_n.jpg
491972149_1489251732043747_7904056009178583059_n.jpg
491982069_1489251645377089_5332885321887302769_n.jpg
492006563_1489251728710414_8250107462317924159_n.jpg
492131815_1489251745377079_5564074209031749381_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Каныбек Туманбаевдин социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Быйыл Профсоюздар федерациясынан өткөрүлүп алынган "Жети-Өгүз" курорту, "Улан" балдардын ден соолугун чыңдоо борбору жана "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионаты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Туманбаев профсоюздар федерациясынан өткөрүп алынган санаторий-курорт мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрүп, бул мекемелер толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатканын белгиледи.

"Жетекчилерге эң оболу мыйзамдуулукту так сактоонун маанисин баса белгилейм. Бүгүнкү күндө мыйзам бузуу — жеке гана эмес, жакындарыңдын да тагдырына терс таасир этүүчү олуттуу маселе болуп калды. Бир эле чечим бүтүндөй бир тагдырды өзгөртүп салышы мүмкүн. Бул жоопкерчиликти ар бир жетекчи сезиши керек.

Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, коррупцияны жоюунун эң натыйжалуу жолу — санариптик башкаруу. Адамдык факторду азайтуу менен мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коё алабыз. Санариптик башкаруу — таза, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү иштөөнүн негизги куралы. Буюрса, бул мекемелерге да ушул системаны акырындык менен киргизип жатабыз", - деп жазды ал.

Ал белгилегендей, быйыл аталган мекемелер жаңыланып, заманбап шартта кайрадан элге жеткиликтүү болот.

"Мурун Профсоюздар федерациясынын карамагында болгон бул жайлар көп жылдан бери каралбай, жараксыз абалда калган. Азыр аларга экинчи өмүр берилип, мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу башкаруу киргизилди.

Айрым мекемелерде кызматкерлердин айлык маянасы 70%га чейин жогорулады. Бул багытта иштер уланууда — бардык кызматкерлердин эмгегин татыктуу баалоо үчүн кошумча чаралар көрүлөт.

Мындан мурда "Жыргалаң" жана "Ысык-Ата" курорттору да Президентибиздин колдоосу менен толук оңдолуп, кайра ишке берилген. Бул - мамлекеттин социалдык туризмди өнүктүрүүгө жана элдин ден соолугуна кам көрүүгө болгон чечкиндүү кадамы", - деди ал.