Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүгө 63 жаңы унаа берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааларды башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго тапшырды.
Алардын арасында C1E категориясы үчүн 18 чиркегич, C категориясы үчүн 17 ISUZU, C1 категориясы үчүн 16 ISUZU жана D категориясы үчүн 12 JAC SUNRAY бар.
"Жаңы унаалар видеокөзөмөл системалары менен жабдылып, экзамен кабыл алуучу кызматкерлер бодикамералар менен камсыздалган. Кийинки этапта практикалык экзамендерди кабыл алуу процессин автоматташтыруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 6-ноябрда мамлекеттик автомектептерге B категориясы боюнча практикалык сабактарды өткөрүү үчүн 70 жаңы унаа берилген. Ошентип, ноябрь айында жалпысынан 133 транспорт каражаты тапшырылды.