Жети-Өгүз районунда кулпунайды кабыл алуу пункту ачылды

Аймак Загрузка... 03 Июнь 2025 13:30
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кулпунайды кабыл алуу пункту түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти экспорттоочулар менен иштешкен. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен Жети-Өгүз районунда кулпунайды кабыл алуу пункту түзүлүп, өндүрүүчүлөр андан ары экспортко жөнөтө алышат.

«Министрлик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана продукцияны туруктуу бөлүштүрүү каналын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү улантат», - деп белгилешти ведомстводон.

Кулпунайды сатуу боюнча суроолор боюнча +996 502 805 676 (Нурболот) телефонуна кайрылса болот.