Жети-Өгүз районуна 500 орундуу дагы бир мектеп курулду

Аймак 05 Июнь 2026 12:35
1.jpg
713604766_1504747444457633_6036220202112326231_n.jpg
714759501_1504747504457627_9102305785024031236_n.jpg
715331359_1504747491124295_9070922431899391277_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
713604766_1504747444457633_6036220202112326231_n.jpg
714759501_1504747504457627_9102305785024031236_n.jpg
715331359_1504747491124295_9070922431899391277_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жаңы мектептин курулушу аяктады.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 226 млн сомду түздү.

Башкы план боюнча, мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, үч блоктон турат. Мектепте заманбап окуу класстары, китепкана, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, лаборатория, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт зал жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 3220 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Жаңы окуу жылынан тарта мектеп окуучулар үчүн өз эшигин ачат.