Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик мезгилде коопсуздукту жана экологияны коргоону күчөтүү максатында жаңы кавалериялык (атчан) взвод түзүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Бүгүн облустук милициянын башчысы Мурат Боронов жаңы түзүлгөн 41 ат жана кызматкерлерден турган взводдун жайкы сезонго карата даярдыгын текшерди. Текшерүү учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу жана ыкчам аракеттенүү боюнча конкреттүү нускамалар берилди.
Атчан милиционерлер көл жээгиндеги унаа бара албаган, жетүүгө кыйын болгон кумдуу жээктерде жана тоолуу аймактарда коопсуздукту камсыз кылат. Муну менен катар, эс алуучуларга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү жана ыкчам аракеттенүү үчүн алынган жаңы заманбап электр-мото скутерлер да текшерүүдөн өтүп, расмий түрдө ишке киргизилди.
"ИИМдин бул жаңы кадамы жана техникалык жаңылануу Ысык-Көлдөгү туристтик мезгилде коопсуздукту жогорулатууга жана милициянын кызмат көрсөтүүсүн жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.