Жети-Өгүздө жапайы жаныбардын кол салуусунан өлгөн кой-эчкилер талапка ылайык көмүлдү

Коом 17 июнь 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-06-17 at 12.20.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-17 at 12.20.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-17 at 12.20.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-17 at 12.20.24.jpeg
WhatsApp Image 2025-06-17 at 12.20.24 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-06-17 at 12.20.24 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Чым-Там жайлоосунда 332 баш кой-эчки белгисиз жапайы жаныбардын кол салуусунан өлгөн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, малдын өлүгү ветеринардык-санитардык талапка ылайык көмүлүп, жок кылынды.

"Бул иш-чара жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу жана калган тирүү малдын коопсуздугун камсыздоо максатында Ветеринардык кызматтын Жети-Өгүз райондук башкармалыгынын адистеринин көзөмөлү астында, бардык санитардык нормаларды сактоо менен кылдат жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чым-Там жайлоосу Барскоон айылынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан.