Жерүй кенинде кызматкерлердин шайлоого катышуусу 40%га жетти

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 16:45
591608344_1160407159405582_7096962938135041508_n.jpg
590059088_1160407262738905_9117946381281820733_n.jpg
591737133_1160407139405584_929981984916711157_n.jpg
591736959_1160407192738912_5384902172207316903_n.jpg
591929346_1160406886072276_8403907121678775156_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon “Альянс Алтын” компаниясы

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. “Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлеринин шайлоого катышуусу 40%га жетти.

Компаниядан билдиришкендей, Талас районундагы Жерүй алтын кенинин аймагында жайгашкан №9601 аралыктан шайлоо тилкеси ишин улантууда.

Шайлоо тилкесинин төрайымы Нуриза Акматованын айтымында, “Альянс Алтын” компаниясы кызматкерлеринин шайлоого толук кандуу катышуусу үчүн бардык шарттарды түзгөн.

“Жерүй кениндеги шайлоо участогу өз нугунда иш алып барууда. Мыйзам бузуулар же түшүнбөстүктөр катталган жок. Кенде иштеген кызматкерлердин активдүүлүгү жогору. Компания шайлоочулар үчүн да, комиссия мүчөлөрү үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүптүр”, — деди төрайым.

Белгилей кетсек, аталган кендин аймагында эки миңге жакын кызматкер вахталык ыкма менен иштейт. Бул ирет аралыктан добуш берүүгө болжол менен 1000 кызматкер катталган.

Саат 8:00дөн 13:00гө чейинки аралыкта катышуу көрсөткүчү 40%га жетти.