Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

Коом Загрузка... 30 Июль 2025 12:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. Бүгүн  жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган жана курагынын чегине жеткенге чейинки судьялар ант беришти.

Жогорку соттон билдиришкендей, иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышты. Медербек Сатыев  дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгына ылайык,  судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго дайындалышты:

Баткен облусу

Кадамжай райондук соту:

Маликов Рахматулла Эралиевич;

Нурмамат уулу Полот;

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад облусунун административдик соту

Кенжебек уулу Жаныбек;

Аксы райондук соту

Колдошов Иззат Исманович;

Базар-Коргон райондук соту

Моңолбаев Жаныбек Васирович  (курагынын чегине жеткенге чейин)

Жалал-Абад шаардык соту

Ахматов Айбек Болотбекович;

Кара-Көл шаардык соту

Ажибраимов Эльдар Эмильевич;

Ноокен райондук соту

Жылкычы уулу Талгат;

Сузак райондук соту

Аскат уулу Мирлан;

Таш-Көмүр шаардык соту

Осмонов Өмүрбек Маматкасымович;

– Ош облусу:

Ош шаардык соту:

Байбосунов Арсланбек Байбосунович;

Садиров Искендер Шайдуллаевич;

Өзгөн райондук соту

Чаканов Эдилбек Сайпидинович;

Чүй облусу:

Жайыл райондук соту

Касымов Шухратбек Таирович (курагынын чегине жеткенге чейин)

Москва райондук соту

Момбаев Жанибек Пахридинович (курагынын чегине жеткенге чейин)

Токмок шаардык соту

Аалы уулу Садирбек;

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл райондук соту

Конушбеков Асанкул Абдыкулович.

Белгилей кетсек, КР «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргызстанда шайланган же дайындалган судьялардын ыйгарым укуктары алар тарабынан ант берүү күнүнөн баштап күчүнө кирет.