Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда жергиликтүү сотторго биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө жана курагынын чегине жеткенге чейин дайындалган судьялар ант беришти.
Соттон билдиришкендей, президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргызстандын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыктары чыкты жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго дайындалышты:
Чүй облусунун административдик соту:
- Укушов Мирослав Муратович;
Аламүдүн райондук соту
- Узаков Нурсултан Орозалиевич.
Сокулук райондук соту:
- Асылбашев Данияр Куванычбекович (курагынын чегине жеткенге чейин).
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргызстанда шайланган же дайындалган судьялардын ыйгарым укуктары алар тарабынан ант берүү күнүнөн баштап күчүнө кирет.