Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонддору түзүлөт – максаты

Экономика Загрузка... 18 Февраль 2026 13:00
1.webp
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Финансы министрлиги жана бир катар коммерциялык эмес уюмдар кызматташуу жана өз ара аракеттешүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Ведомстводон маалымдашкандай, коммерциялык эмес уюмдардын арасында - "Жарандык катышуу" коомдук фонду, "Интербилим Ош" ЭБ жана Youth of Osh коомдук бирикмеси бар.

Тараптар күчтөрүн бириктирип, өлкөнүн беш шаарында жана айыл аймактарында Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонддорун түзүү жана иштетүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну максат кылышат. Бул долбоордун негизги максаты - жарандарга өз аймактарындагы бюджеттик чечимдерге активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берүү, коомчулукка пайдалуу долбоорлорду колдоо жана алардын ишке ашышына көмөктөшүү.

Финансы министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жана методикалык жардам көрсөтсө, өнөктөш уюмдар окуу программаларын өткөрүп, калк арасында маалыматтык кампанияларды уюштуруп, демилгелүү топторду долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында колдоого алышат.

Бул пилоттук долбоор жергиликтүү коомчулуктун бюджетти башкаруудагы ролун күчөтүүгө, каражаттарды ачык-айкын бөлүштүрүүгө жана Фонддордун эффективдүү иштешине шарт түзөт.