Бишкек, 29.12.25 /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы “Ак-Өлөң” каналы жана магистралдык суу алуучу курулмасы 2024-жылдын март айында оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилген.
Канал Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен калыбына келтирилген. Анын башкы суу бөлүүчү курулмасы толук жаңыланып, секундасына 7,6 метр куб суу өткөрүүгө ылайыкталып жасалды. Узундугу 17,5 чакырымды түзөт.
Дыйкандар жана фермерлер каналдын курулушу менен жергиликтүү калктын турмушу кыйла жакшырганын белгилешет.
Атап айтканда, 4 миңден ашуун гектар жерди сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Алмадан тонналаган түшүм алып жаткан багбандардын да жашоо-турмушу кыйла жеңилдеген. Ошондой эле мал баккандар дагы тоюттарды кенен-кесир даярдоого жетишүүдө.