Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Жергиликтүү дин ишмерлери ысырапкорчулукту чектөө боюнча фатваны аткарууга милдеттүү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов “Кабар” маалымат агенттигинин “Талдоо time” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, жакында эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маркумду акыркы сапарга узатууда жана башка салттуу жөрөлгөлөрдө ысырапкорчулукту чектөө максатында жаңы фатва чыгарды. Бул фатва 2022-жылы чыккан мурунку фатванын уландысы болуп, коомдогу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен тактоо иретинде чыгарылган.
“Фатвада маркумдун үйүндө үч күн ичинде мал союп, элге тамак берүү, үчүлүк, жетилик, кыркылык жана башка аштарды өткөрүү шариятта каралбагандыктан, бул жөрөлгөлөргө тыюу салынат. Ошондой эле жыртыш таратуу, кийит берүү, күмбөз тургузуу сыяктуу чыгымдуу салттар да ысырапкорчулук катары бааланат.
Негизинен фатва бул мусулмандар үчүн жол көрсөтүүчү күчкө ээ. Конкреттүү мыйзамдуулук деңгээлде деп айта албайбыз. Бирок, бүгүнкү күндө өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгыны мусулмандардын баарынын башын бириктирген жана фатвалык чечимдери өтүмдүү болгон бир диний борбордук башкаруу органына айланды. Ошондуктан Кыргызстандагы кандай фатва болбосун мусулмандар ошол бирдиктүү биздин муфтияттын фатвасын аткарганга мусулман катары жоопкерчиликтүү болот”,-деди ал.
Мырзаибраимов белгилегендей, бул фатва дин кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана алар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш.
“Айрыкча айылдарда маркумду акыркы сапарга узатууда, негизги уюштуруу иштерин кылуучу бул имамдар. Имамдар жергиликтүү тургундарга түшүндүрүүгө жана фатваны аткарууга милдеттүү болуп эсептелет”,-деди ал.