Жерди жексен кылган бомбалар, кулакты жарган снаряддар. Крымдагы кыргындын чоо-жайы

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 24 Апрель 2025 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Бул операция 1944-жылдын 8-апрелинен тартып 12-майына чейинки аралыкты камтып, бир айдан ашыгыраак мезгилди талап кылган. Советтик өлкөнүн аймагына кирип келген баскынчылардан шаарды бошотуу үчүн миңдеген адамдардын өмүрлөрү кыйылган. Крымдагы салгылашта 4-Украин фронту жана Черномор флоту, ошондой эле Азовдук флоттор айыгышкан кармашка түшкөн.

4-Украин фронтун генерал Фёдор Иванович Толбухин жетектеп, ал эми анын курамына генерал-лейтенант Яков Григорьевич Крейзер башкарган 51-чи армия, 2-чи гвардиялык армиядан генерал-лейтенант Георгий Фёдорович Захаров, танкалык куралдуу күчтөрдөн генерал-лейтенант Иван Дмитриевич Васильев, полковник Поцелуев, 8-чи аба соккулары армиясын генерал-полковник Тимофей Тимофеевич Хрюкин, Примордук армиянын башында турган генерал Андрей Иванович Ерёменко, генерал-лейтенант Кондрат Семёнович Мельник, ал эми суу үстүндөгү салгылаштарга Черномор флотунун жетекчиси, адмирал Филипп Сергеевич Октябрьский, Азов флотун контр-адмирал Сергей Георгиевич Горшков көзөмөлгө алышты. Крым үчүн болгон салгылашка советтик армиядан жалпы 462 400 жоокер, 5982 миномёт жана артиллериялык куралдар, 559 танка, 1250 учак тартылды.

Москва үчүн болгон согуш, Ленинград блокадасындагы каармандык, Сталинграддагы салгылаштарда жеңишке жеткен советтик армия эми Крым үчүн болгон согушта Жеңишке толук жетебиз деген зор үмүттө эле. Буга чейинки кандуу кармаштарда бирде жеңилүүгө дуушар болсо, бирде жалпы социалисттик идеологиянын күжүрмөн деми менен “Мекен үчүн!”, “Сталин үчүн!” – кашык каныбыз калгыча кармаша беребиз деп, адам таң калаарлык эрдиктерди жасашты.

Крымды сактап, баскынчыларды жергебизден оолак кубалайбыз деген дем-күч. Кайрадан кармаш. Кайрадан кан төгүү.

Төмөнкү Днепр операциясында советтик куралдуу күчтөр 17-немистик Армияны, тактап айтканда, Крымды курчады. Ошондой эле Сиваш куймасынын түштүк жээгиндеги маанилүү делген плацдармды алды. Дал ошол учурда фашисттик бийлик Крымды кармап тура берүү биздин максатка ылайык келеби деп эки анжы боло баштады. Бирок, Гитлер Крымды колдон келишинче колдон чыгарбай кармоого токтолду.

Генерал Эрвин Йенеке жетектеген фашисттик 17-чи Армияда генерал Карл Альмендингер баштаган армияны, жана анын курамындагы 5 немистик, 7 румындык дивизия, жалпы саны 200 жүз миңдей аскер, 215 танка, 3 миң 600 артиллериялык курал-жарак жана 148 учак бар эле. Анын башкы штабы Симферополдо жайгашкан. Ал эми Крымдын түндүк тарабында 49-тоолуу-аткычтар корпусу жана 279-бригадасы бар эле. Мындан тышкары, немистик армияга кошумча жардам катары 3-румын кавалердик корпусу, 10-19-дивизиялар даярдыкта турушкан. Крымдын батыш тарабы, Перекоптон Севастополго чейин 9-румын кавалердик дивизиясы коргоого алышкан.

Керчь жарым аралында 5-корпус, 6- кавалердик жана 3-румын дивизиялары советтик армияга каршы согушмакчы. Феодосиядан Севастополго дейре 1-румын корпусу ээлеп, башкы штабы Симферополдо жайгашкан.

1944-жылдын 8-апрелинде саат туптуура таңкы сегизде Кызыл Армияда, 4-Украин фронтунда артиллериялык жана аба соккулары боюнча эки жарым саатка жакын чоң даярдык жүрдү. Даярдык аяктаган соң советтик армия Сиваш плацдармындагы фашисттик 51-армияга каршы чабуулду баштады. Ошол эле күнү 2-гвардия Армянскини баскынчылардан бошотту.

Үч күндүк аралыкта 4-Украин фронту айыгышкан кармашка түштү. Арадан эки күн өтүп, 10-апрелде Перекоптогу жана Сиваштын түштүк тарабындагы душмандарга сокку уруп, 19-танкалык корпусту башкарган генерал-лейтенант И. Д. Васильевге аба соккуларында оор жарадар болуп, анын ордуна полковник И. А. Поцелуев жетекчиликти колго алды. Танкалык бөлүктөр 51-армия жайгашкан аймакка жол алды. 11-апрелде Джанкой шаары душмандын колунан бошотулду. Андан кийин ошол эле 11-апрель күнү 19-танкалык корпуска кошулуп Примордук армия 4-аба соккулары армиясы менен бирдикте, дагы Черномор флотунун көмөгү аркасында Керчь шаарын толук бошотту.

Айыгышкан салгылаш. Асман түнөрүп, кулакты жарган бомбалар жерди жексен кылып жатты. Советтик армия 13-апрелде каармандыгын көрсөтүп, Феодосияны, Симферопольду, Евпаторияны жана Сакини, 14-апрелде Судакты, 15-апрелде Алуштуну алышты. Ал эми 16-апрелде Севастополду алуу оңойго турбады. Муну түшүнгөн аскер башчылар шаарды алгач курчоого алсак оң болот дешти.

Мотоаткычтар армияларын бириктирүү, чогуу-чаран иш-аракетке өтүү оңой болбой тургандыгын түшүнгөн советтик аскер кол башчылары алгач Примордук армияны 4-Украин фронтуна кошууну туура көрдү. Анын башкы командачысы болуп Мельник дайындалды. Ал эми Ерёменко 2-Прибалтикалык фронтко көзөмөл жүргүздү. 16-апрелден 30-апрелге чейинки аралыкта советтик армия бир нече ирет Севастополду алууга аракет жасады. Севастополду душмандардан бошотуунун башкы планы 5-май күнүнө белгиленди.

Төрт күн. Төрт күн бою кандар суудай агып, айланада снаряддардын кулакты жарган добушу угулду. Акыры, туптуура 1944-жылдын 9-май күнү советтик армия фашисттик баскынчылар менен салгылашып, жеңишке жетишип Севастополь шаарын эркиндикке чыгарышты. 12-май күнү Херсонесте душмандын калган армиясы курал-жарактарын өз эрки менен жерге таштап, багынып беришти. Немистик армиянын генералы Курт фон Типпельскирх кийин ошол кармаш туурасында төмөнкүлөрдү билдирген.

“Немистик үч дивизия менен кошо румындык солдаттар Херсонес деп аталган чокуну көздөй жөнөштү. Анткени, бизди колдоо үчүн кошумча немистик армиялар ушул тушка келип жардам берет деп ишеништи. Акыр аягына чейин кармашуудан эч кандай натыйжа чыкпады. 10-май күнү мурдатан убада кылынгандай аман сактап кала турган кошумча күчтөр кеме аркылуу 24 сааттан кийин гана келет деп маалымат алдык. Тилекке каршы, эртеси да баягы кемеден дайын болгон жок. Душмандардын үстү-үстүнө жаадырган бомбалары менен чабуулдарынан немистик армия мындай тозоктон кутула албай тургандыгын түшүнүштү. Жардамдан үмүт кылып кемени күтө берүүдөн эч кандай пайда жок. Душмандар менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин колдогу куралды таштап багынып бердик. Орустар 17-чи армиядан 100миңдей адам өлдү деп туура айтышат” – деп сүрөттөгөн.

Бул кармашта советтик армияга колдорунан келишинче жардам кылышкандар крымдык партизандар болду. Ямпольск, Федоренко, Македонский, Кузнецовдор жетектеген партизандык топтор душмандардын байланыш түйүндөрүн талкалап, алардын багыт алып бараткан колонналарына жолтоо болушкан.

Крым согушунда германдык 17-Армия толук талкаланды. Фашисттик армия жана аларды колдоого алган румындык аскерлерди кошуп айтканда, бул майданда 70 миңдей адам туткундалып, 140 миң адам өлүмгө учураган. Ал эми Кызыл Армиянын катарынан Крымды бошотууда мекенди коргойбуз деп 17 миң 754 адам курман болгон. Жыйынтыгында, Крымдагы болгон айыгышкан күрөштө Кара деңизге ээлик кылып, Германиянын Румыния, Болгария жана Турциядагы абалына сокку ура алды.