Жер титирөөгө туруктуулук: Июнь айында 90 курулуш объектиси текшерилди

Коом Жүктөлүүдө... 13 Июль 2026 11:25
745843022_1536889191243458_1483804441462417228_n.jpg
745940841_1536889227910121_5880021494637438484_n.jpg
746026957_1536889061243471_5587874193036205988_n.jpg
745843007_1536889201243457_6944519352913834458_n.jpg
745700079_1536889221243455_7353757259497247353_n.jpg
745288496_1536889067910137_8218240442073587825_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Июнда 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын июнь айында өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берди.

Техникалык корутундулар курулуш объектилеринин сейсмикалык туруктуулугун баалоо жана долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына, ошондой эле колдонуудагы техникалык ченемдерге шайкештигин аныктоо максатында даярдалган. Изилдөө жана баалоо иштеринин алкагында социалдык инфраструктура объектилерин кошкондо ар түрдүү багыттагы курулуштар текшерилген.

Техникалык корутунду даярдоодо институттун адистери имараттардын техникалык абалын баалап, аларды реконструкциялоо же мындан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү боюнча тиешелүү жыйынтыктарды чыгарышат.