Жер титирөөгө даярдык боюнча машыгуу аймактарда да өткөрүлөт – ӨКМ

Коом Загрузка... 24 Октябрь 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-10-24 at 14.38.00.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Жер титирөөгө даярдык боюнча жарандык коргонуу кызматтарынын машыгуусу өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Сталбек Абдылда уулу борбор калаанын жер титирөөгө даярдыгы боюнча жарандык коргонуу кызматтарынын машыгуу иш-чарасында билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 22-октябрынан 24-октябрына чейин Бишкек шаарынынын аймагында республикалык командалык-штабдык машыгуу өткөрдү. Иш-чара үч күнгө созулуп, анда жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы жакшы деңгээлде экени байкалды.

“Машыгуунун негизги максаты - жер титирөө болгон учурда кызматтардын ыкчам жана координацияланган аракеттерин практика жүзүндө текшерүү. Мындай иш-чаралар мындан ары да улантылат. Эми бекитилген планга ылайык, башка аймактарда да өткөрүлөт”, - деди Абдылда уулу.