Бишкек, 06.10.25 /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга жер титирөөдө өзүн кандай алып жүрүүсү керектигин айтып, коопсуздук куржуну даяр туруусу зарыл экендигин эскертти.
ӨКМ белгилегендей, коопсуздук куржуну катары асынма сумканы, дөңгөлөктүү же өзүңүзгө ыңгайлуу баштыкчаны пайдалансаңыз болот.
Куржундун ичинде кеминде үч күнгө жете турчу азык, суу, жылуу кийим, дары-дармек, жардамга чакыруу үчүн белги берүүчү жарыктандыргыч жана ышкырык болуусу зарыл.
Ошондой эле кагазга жакын туугандарыңыздын дарегин, телефон номерин, жакын жердеги бейтапкананын өзгөчө кырдаал учурунда жарандарды кабыл алуу пункттарынын дарегин жазып коюу керек. Байланыш жок учурда ӨКМдин кызматкерлери үчүн ыкчам көмөк көрсөтүүдө мунун жардамы тийет.
Коопсуздук куржунуна эмнелерди салыш керек?
1) Документтердин көчүрмөсү, акча;
2) Тез жардам кутусу;
3) Жай мезгилинде 5-6 л суу, кыш мезгилинде 3-4 л суу;
4) Консерва, жогорку калориядагы тамак-аш;
5) Гигиена каражаттары;
6) Кошумча кийим, бут кийим, жууркан;
7) Радио, батарейка, уюлдук телефондун кубаттагычы (PowerBank), ышкырык, жарыктандыргыч.
Жер титирөөдө адамга зыяны тийбеш үчүн үйдү кантип даярдоо зарыл?
- Үй эмеректерин дубалга бекем бекитиңиз, алар керебеттерге жана бөлмөдөн чыгуучу эшиктерге кулабагыдай болуусу керек;
- Ачык же жабык илгичтери бар сүрөт күзгүлөрдү жана сааттарды коопсуздандырып, дубалга бекемдеңиз;
- Текчелердеги же эмеректердин үстүндөгү оор буюмдарды алдын ала ылдый түшүрөсүз;
- Керебеттерди терезелерден алыстатып, асма шам чырак жана лампаларды шыпка бекем кагыңыз;
- Үй эмеректеринин бекиткичтерин жер титирөө учурунда ачылбай тургандай сапаттууларына алмаштыруу зарыл;
- Күйүүчү жана жегичтүү суюктуктар куюлган идиштер бекем жабылып, имарат титирегенде кулап, сынып калбагандай жерде сакталууга тийиш. Электр буюмдарын дубалга бекемдеңиз.
Ар бир жаран зилзала учурунда эң жөнөкөй 12 кадамды билүүсү маанилүү:
1) тынч болуп, дүрбөлөңгө түшпөңүз;
2) лифт же тепкичти колдонбоңуз;
3) эмерек, терезе, асма шам чырактан алыс кетиңиз;
4) баш калкалоочу жай таап, башыңызды колуңуз менен жаап алыңыз;
5) титирөө токтогондон кийин имараттан чыгып кетүүгө болот;
6) сыртка чыгаарда сууну, газды, электр энергиясын өчүрүү зарыл;
7) коопсуздук куржунун алыңыз;
8 ) электр зымдарынан, имараттардан жана бак-дарактардан алыс болуңуз;
9) кайталана турган жер титирөөгө даяр болуңуз;
10) Балдарга, кары-картаңдарга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам бериңиз;
11) эч качан терезе жана балкондон секирбеңиз;
12) ширеңке жана шам күйгүзбөңүз.