Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Бишкекте жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти жер мунапысына катышууга арыздарды бүгүн түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алат.
Документтерди Туңгуч кичирайону, 57 (Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти) дарегине тапшырса болот. Толук маалымат алуу үчүн 0312 979297, 0312 97 94 54 телефондоруна кайрылуу керек. Ошондой эле арыздар Бишкек шаарынын төрт акимчилигинде жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда күнү-түнү кабыл алынат.
Райондордогу даректер:
- Биринчи май райондук администрациясы боюнча: Жибек жолу пр., 348, №6 кабинет, консультация алуу үчүн: 0312 32-51-40;
- Свердлов райондук администрациясында: Чүй пр., 28, коомдук кабылдама, консультация алуу үчүн: 0312 53-13-30;
- Ленин райондук администрациясына: Чүй пр., 315, 1-кабат, коомдук кабылдама, консультация алуу үчүн: 0312 65 38 82, 0312 65 69 07;
- Октябрь райондук администрациясына: Байтик баатыр көчөсү, 17, 1-кабат, консультациялык бөлүм: 63 81, 0312 57 82 70.
Жер амнистиясынын алкагында жарандардан түшкөн арыздар белгиленген тартипте каралат. Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз ээсинин - жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
- техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
- объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер);
- калктуу конуштардагы жер участокторуна чектеш жерди пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу.