Жеңилдетилген салык өлкөдө зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болот

Экономика Загрузка... 22 Апрель 2025 12:44
WhatsApp Image 2025-04-22 at 09.19.03.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Зер буюм жасагандардын мамлекетке 0,25 пайыз гана жеңилдетилген салык төлөөсү өлкөдө зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Бул тууралуу Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 2-3 жыл аралыгында зергерлик тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп, тармактын өнүгүүсүнө, дүйнөлүк эл аралык рыноктун нормаларына туура келгендей бир топ мыйзамдар кабыл алынды.

“Зер буюмдарды жасоо тармагы кошумча нарк салыгынан 80 пайыз бошотулду. Бул абдан жакшы көрүнүш. Себеби, мында көмүскөдөн чыгууга, ак ниеттүүлүк менен иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андан тышкары, акыркы учурларда Салык кызматы өздөрү демилге кылып импорттолгон нак алтынды, баалуу металлдарды кошумча нарк салыгынан бошотту. Биз Евразия экономикалык биримдикте болгонубуздан кийин ишкерлер бажы алымдары жок Россия, Казакстандын биржасынан кээде Лондондун баасынан дагы ылдыйраак баада нак алтынды, баалуу металлдарды сатып алып келип зер буюмдарды жасаса ыңгайлуу болот”,- деди Сталбек Акматов.

Өлкөдөгү зергерчилик тармагын өнүктүрүү багытында президент кол койгон жарлыкка киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын ыкчам көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Айнура Султаналиева төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

“Киреше салыгы, кошумча нарк салыгы жана сатуудан алынуучу салык бириктирилип, бирдиктүү салык катары жүгүртүүдөгү каражаттын 0,25 пайызы төлөнөт. Мисалы, зергердин соода жүргүртүүдөгү каражаты 100 миң сом болсо 0,25 пайызы катары 250 сом мамлекетке салык төлөнөт. Мындай жеңилдиктер мурда жеңил өнөр жай, тигүү тармагына берилип келген. Азыр бул жеңилдик зер буюмдарын жасаган өндүрүшкө берилип жатат. Белгилей кетсек, мындай жеңилдиктер башка тармактарда каралган эмес. Муну менен өлкө зергерлерди колдоого алып жатат”,- деди Султаналиева.

Ал эми Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматов өлкөдө зергерчиликти өнүктүрүүгө түзүлүп жаткан мындай жакшы шарттар, жеңилдиктер үчүн президентке, Салык кызматына, Экономика министрлигине ыраазычылык билдирип, бул иш-аракеттер жакынкы күндөрү өз жемишин берет деди.

Эскерте кетсек, 18-апрелде президент Садыр Жапаров ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү, салык системасын жөнөкөйлөтүү жана көмүскө экономиканы азайтуу максатында жарлыкка кол койгон. Бул жарлыктын негизинде күтүлгөн салык жеңилдиктери ишке ашат.