Женевада Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине талапкерлиги каралды

Саясат Загрузка... 12 Декабрь 2025 18:00
6dd6a06e-20d1-36aa-828f-f6b4abeeafb8.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгү Женевадагы БУУнун Улуттар сарайында "Регионалдык кызматташтык: Борбор Азия мамлекет башчыларынын 7-Консультативдик жолугушуусунун негизги жыйынтыктары" аттуу сайд-ивент өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага БУУга мүчө 30дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында саммитте кабыл алынган маанилүү документтер, айрыкча Борбор Азия мамлекет башчыларынын Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоо боюнча БУУга мүчө-мамлекеттерине жолдогон кайрылуусу талкууланды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн күчөп жаткан биримдиги аймактык жана глобалдык коопсуздукка системдүү мамилени калыптандырууга, соода-экономикалык байланышты кеңейтүүгө жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

526d4608-d97b-3dde-98ff-0e5a3a85cdeb.jpeg

Элчи Омор Султанов Кыргызстандын превентивдик дипломатия, региондук тынчтыкты орнотуу, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү жана трансулуттук коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатындагы приоритеттери тууралуу маалымат берди.

Ал БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланган учурда Кыргызстан өз атынан гана эмес, диалогго, туруктуулукка жана конструктивдүү дипломатияга бекем берилген бүткүл аймактын үнү катары да иш алып барарын баса белгиледи.