Камчыбек Ташиев мурдагы машина куруучу Фрунзе заводуна барып, ишкерлерге жолукту

Коом 29 Май 2025 16:30
500762647_1278388730960101_8903963618034171376_n.jpg
500762653_1278388920960082_4373532425191540073_n.jpg
502489239_1278388687626772_4032319139955210988_n.jpg
500764429_1278387794293528_9193296285419935815_n.jpg
501427492_1278388670960107_6310903638435770122_n.jpg
501430824_1278388827626758_6235932629490691304_n.jpg
500761706_1278389020960072_7412389417846343652_n.jpg
502637808_1278387444293563_4940329203961658019_n.jpg
500762778_1278388780960096_2866408042963835633_n.jpg
500764252_1278387644293543_3716679819232706679_n.jpg
502592616_1278388700960104_7715663147015372190_n.jpg
500744332_1278388970960077_3148809868691509719_n.jpg
500762711_1278387757626865_5545057747921080967_n.jpg
500762180_1278388714293436_9017238735529279102_n.jpg
500765610_1278387767626864_4700498074947821848_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.05.25./Кабар/. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы М.В.Фрунзе атындагы машина куруучу заводко барды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө заводдун аймагында 200гө жакын субъект иштейт, алардын бир бөлүгү ар кандай буюмдарды (тиричилик химиясы, металл конструкциялары, типографиялар, тигүү цехтери, пластикти кайра иштетүү, курулуш материалдары, тамак-аш азыктары) өндүрүү менен алектенет жана бир бөлүгү кампа жайлары үчүн колдонулат.

Белгилүү болгондой,1995-жылдан тартып заводдун 61,2 гектар аянты жеке менчикке өтүп кеткен. 2023-жылы УКМК тарабынан Фрунзе заводунун жерлерин жеке менчикке чыгаруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында мэриянын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан заводдун аймагын жеке менчикке чыгаруу аракеттерин жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына доо арыз берилген.

Буга байланыштуу ишкерлер К.Ташиевге түзүлгөн кырдаалды чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Мындан улам, УКМК төрагасынын келишине карата заводдун аймагында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, бизнес өкүлдөрү менен жеке баарлашууга шарт түзүлдү.

Өндүрүлгөн продукция, материалдар менен таанышкандан кийин К. Ташиев ишкердик субъекттерин колдоо, аларды криминалдык түзүмдөрдөн коргоо, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан негизсиз кысым көрсөтүүнү токтотуу, ошондой эле заводдун аймагы боюнча доо арыздарды сот органдарында объективдүү кароо зарылдыгы жөнүндө пикирин билдирип, судьялардын көз карандысыздыгын белгиледи.

УКМК башчысы ошондой эле жакынкы келечекте аталган ишканалар өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүп, инфраструктураны жакшыртып, инвестицияларды тартып, өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугун өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.