Мектеп же бала бакча кургандарга 49 жылга акысыз жер берилет – президент

Коом
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда жеке мектеп жана бала бакча курууну каалаган ишкерлерге жер тилкелери акысыз, 49 жылдык мөөнөткө берилерин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда жыл сайын орточо 150 миң бала төрөлүп жатканын белгилеп, билим берүү мекемелериндеги орун тартыштыгын чечүү үчүн жеке ишкерлерди бул тармакка тартуу зарылдыгына токтолду.