Орунтаев: 2030-жылдын аягына чейин бардык айылдардын башкы планы иштелип чыгат

Коом
Орунтаев: 2030-жылдын аягына чейин бардык айылдардын башкы планы иштелип чыгат
Орунтаев: 2030-жылдын аягына чейин бардык айылдардын башкы планы иштелип чыгат
Алдыга
Артка
Орунтаев: 2030-жылдын аягына чейин бардык айылдардын башкы планы иштелип чыгат
Орунтаев: 2030-жылдын аягына чейин бардык айылдардын башкы планы иштелип чыгат
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстандагы 1 830 айылдын баары 2030-жылдын аягына чейин башкы пландар менен камсыздалат. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун Сокулук районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Совет мезгилинен бери район борборлору менен чакан шаарлардын башкы пландары дээрлик иштелип чыккан эмес. Мындай документтер Бишкек жана Ош шаарларында гана болгон. Жапаров бийликке келгенден кийин өлкөдөгү калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Нурдан Орунтаевдин маалыматына ылайык, акыркы үч жылдан бери жыл сайын 150дөн 200гө чейин башкы план иштелип чыгууда.

“Айыл борборлору жана чакан шаарлар боюнча иштер негизинен аяктады. Мисалы, Чүй облусунун өзүндө акыркы бир жумада жергиликтүү деңгээлде 10 башкы план кабыл алынды”, — деди министр.