Президент Сокулуктагы 26 жылдан берки соттук талашты Жогорку сотко тапшырды

Президент Сокулуктагы 26 жылдан берки соттук талашты Жогорку сотко тапшырды

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Сокулук районунун тургундары менен жолугушкан учурда жергиликтүү тургун 26 жылдан бери чечилбей келе жаткан соттук талаш боюнча арызданды.

Анын айтымында, ал 35 жашында алдамчылыкка кабылып, ошондон бери соттук териштирүүлөргө катышып келет. Ал белгилегендей, сот чечимдери бир нече жолу өзгөрүп, адилеттикке жогорку деңгээлдеги жетекчилердин кийлигишүүсүнөн кийин гана жетүүгө мүмкүн болгон. Бирок өлкө жетекчилиги алмашкан сайын чечимдер кайра каралып келгенин билдирди.

Мамлекет башчысы сот органдарынын өкүлдөрүнөн иштин чоо-жайын жана эмне себептен мынчалык узакка созулуп жатканын сурады.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбековдун маалыматы боюнча, талаш 2001-жылы башталган. Ошол жылы жарандар Бакировго 2,5 миң доллар карыз акча беришкен. Карыз убагында кайтарылбагандыктан, соттун чечими менен мүлк арызданган аялдын менчигине өткөн.

Бирок сегиз жылдан кийин Россиядан Бакировдун уулу кайтып келип, үйдөгү өзүнө тиешелүү үлүш эске алынбай калганын билдирген. Натыйжада соттун мурдагы чечими жокко чыгарылып, үй кайрадан мурунку тарапка кайтарылган. Кийин да тараптардын ортосунда, анын ичинде бийлик алмашкан мезгилде соттук талаштар уланып келген.

Шералы Камчыбеков эки тарапты тең өзү кабыл алганын, бирок азырынча аларды элдештирүү мүмкүн болбой жатканын кошумчалады. Экинчи тарап 2,5 миң доллардын ордун толтурганына карабастан, талаш дагы эле чечиле элек.

Президент мындай жагдайлар оозеки же расмий эмес келишимдерден улам келип чыгарын белгиледи.

“Бул иштер “кыргызча соодалашуу” деген принцип менен, оозеки макулдашуу аркылуу жүргүзүлгөндүктөн болуп жатат. Эч качан мындай кылбагыла”, — деди ал.

Садыр Жапаров Жогорку соттун жетекчилигине өткөн жылдардагы акчанын наркынын өзгөрүшүн эске алуу менен ишти калыс жана ар тараптуу карап чыгып, көп жылдан берки талашты биротоло чечүүнү тапшырды.