Аламүдүндүн Васильевка айылына жаңы мектеп курулат

Аймак
Аламүдүндүн Васильевка айылына жаңы мектеп курулат

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда Васильевка айылындагы мектептеги окуучулардын көптүгүнө байланыштуу маселени чечүү боюнча тапшырма берди.

Жолугушууда жергиликтүү тургун Абдикерим Сыдыков айыл өкмөтүнө караштуу Васильевка айылындагы №1 мектептин абалы тууралуу айтты.

Анын маалыматына караганда, 1984-жылы 600 окуучуга ылайыкталып курулган мектепте учурда 2 миң 260 окуучу билим алууда. Натыйжада окуу жайда орун жетишсиз болуп, сабактар бир нече сменада өткөрүлүп келет.

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин айтымында, бул көйгөйдү чечүү максатында Васильевка айылында Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жаңы мектеп куруу пландалган.

“Мектеп фонддун каражатына курула турган 14 билим берүү мекемесинин катарына киргизилген. Ошол 14 мектептин бири ушул айылга салынат”, -деди министр.