Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Мигранттар кайтып келип, ондогон мектептер салынса да жетпей жатканы президент Садыр Жапаровдун Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушууда айтылды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымдагандай, быйыл эле борбор калаанын мектептерине 1-класстан 11-класска чейин өлкө аймактарынан 12,5 миң бала келген.
“Быйылкы окуу жылында келген балдардын санын эске алынганда, борбор калаада орто эсеп менен дагы 10 мектеп куруу зарыл”,-деди калаа башчысы.
Ал эми агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектептердин долбоордук кубаттуулугу 140 миң окуучуга эсептелгенине карабастан, учурда Бишкекте 270 миң бала билим алып жатканын белгиледи. Анын айтымында, борбор калаанын мектептерине болгон муктаждыкты толук жабуу үчүн орто эсеп менен дагы 50 мектеп керек.
Министр өз кезегинде балдардын санынын өсүшүнө ички жана тышкы миграция таасир этип жатканын айтты.
“Россиядан, Америкадан жана башка өлкөлөрдөн кайтып келгендер, ошондой эле өлкө аймактарынан Бишкекке көчүп келгендер көп”,- деди агартуу министри.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бул маселеге мисал катары шаардагы бир конушту айтып өттү.
“Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулган, иш жүзүндө ага миңге жакын окуучуну батырса болмок. Бирок, бир киргенде эле ал мектепке 4,5 миңдей бала кирип кетти”,-деди Орунтаев.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров мектептердин курулушу жүрүп жатканына карабастан, класстарда окуучулардын саны көп бойдон калып жатканын белгиледи.
“Мектептерди 20-30дан салып жатабыз, бирок баары бир бир класста 40 бала окуп калат экен”, — деди мамлекет башчысы.