Жеке ишкер 7 манасчыга ак өргө белек кылды

Коом 4 декабрь 2025 13:35
592056664_1152176520407436_4037597001120064297_n.jpg
593542236_1152176553740766_3429735451919853613_n.jpg
594075582_1152176503740771_2760283914041778650_n (1).jpg
Алдыга
Артка
592056664_1152176520407436_4037597001120064297_n.jpg
593542236_1152176553740766_3429735451919853613_n.jpg
594075582_1152176503740771_2760283914041778650_n (1).jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Бүгүн жеке ишкер Нургалы Асаналиев тарабынан 7 манасчыга деп берилген ак өргөлөр өз ээлерине расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мындай демилге улуу мурас болгон "Манас" эпосун даңазалоого жана аны жаш муундарга кеңири жайылтууга багытталган.

Манасчылар Нургалы Асаналиевге бата беришип, өздөрүнүн чыгармачылык дараметин дагы көтөрүүгө даяр экенин билдиришти.

Ишкер маданий мурастарды колдоону мындан ары да уланта беришин айтып, манасчыларга чыгармачылык ийгилик каалады.