Жеңишбек Жоробеков: Өлкөдө ар бир мектепке жол тескөөчүлөр бекитилди

Коом Загрузка... 01 Сентябрь 2025 14:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 01.09.25./Кабар/. Жаңы окуу жылынын башталышын утурлай Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө аймагындагы бардык орто мектептерге бекитилди. Бул тууралуу башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков Чүй облусундагы мектептердин биринде "Биринчи коңгуроо" аземинде  билдирди.

Анын айтымында, дайындалган кызматкерлер окуучуларды жолдон, жөө өтмөктөрдөн, жол чырактардан өткөрүп, жалпы жол коопсуздугу багытында кызмат алып барышат.

Жетекчи  Ички иштер министрлиги Агартуу министрлиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, анын алкагында  мектептерге бекитилген жол тескөөчүлөрү окуучуларга ачык сабактарды, лекцияларды өткөрүп, үгүт-насаат иштерин жүргүзүшөт.

Ошого карабастан алгачкы класстын окуучулары мектепке барып келүү каттамын толук жаттап, адаптация болгончо ата-энелер өздөрү коштоп алып келип турууну өтүнөт.