Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Бүгүн Жеңиш чокусунда калган россиялык альпинист Наталья Наговицынанын абалын аныктоо үчүн дрон жөнөтүлөт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Россиянын альпинизм федерациясынын маалыматына таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, Наговицынаны табуу жана ага жардам көрсөтүү аракеттери буга чейин аба ырайына байланыштуу үзгүлтүккө учураган. Аба ырайынын жакшырышы дрон аркылуу байланыш түзүүгө жана кырдаалды баалоого мүмкүнчүлүк берет.
Эгерде альпинисттин тирүү экени такталса, аны сактап калуу боюнча чаралар көрүлөт.
Эске салсак, Наговицына 12-августта 7 миң 200 метр бийиктиктеги Жеңиш чокусунда жарым-жартылай жабык, кичинекей аянтчада калып калган. Ал бутун сындырып алгандыктан кыймылдай албайт. Жакын жерден анын тобунда болгон италиялык альпинисттин сөөгү да табылган. Буга чейин аталган чокудан альпинисти түз алып чыгуу мүмкүн эместиги айтылган болчу. Эми Евро-дрон аркылуу куткаруу иш-чаралары кайрадан жанданды.