Жеңиш чокусундагы кырсык. ИИМ турфирманын ишмердүүлүгүн текшерүүдө

Коом Загрузка... 27 Август 2025 15:18
518149353_1164886665660333_6650506710943556821_n.jpg
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Россиянын жараны Жеңиш чокусунда альпинист Наталья Наговицына учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 12-августтан бери альпинист 7 100 метр бийиктиктеги Жеңиш чокусунда бутунан жаракат алган бойдон ошол жерде калууда. Ошондой эле бир нече булактарда анын өлгөндүгү мүмкүн экендигин билдиришүүдө.

Бул факты боюнча материал ИИМдин "Маалыматтарды каттоо журналы" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компанияга да юридикалык баа берилет.