Жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди

Коом Загрузка... 25 Май 2026 17:55
1050869586_0_0_3068_1727_1920x0_80_0_0_6a37e3622a92e790d40d63c71865cef7.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай долбоор "АБанк" жана "Элдик Банк" менен биргеликте ишке ашырылды.

"2026-жылдын 1-июнунан тартып өнөктөш банктарда кезекке туруу үчүн арыздарды кол менен кабыл алуу жана каттоо толугу менен токтотулат. Мындан ары арыздарды каттоо министрликтин iDyikan санариптик платформасы аркылуу аралыктан жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы санариптик сервис айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • онлайн каттоодон өтүү;
  • жеңилдетилген каржылоого арыз берүү;
  • аралыктан кезекке туруу;
  • арыздын абалын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө.

Системаны ишке киргизүү агроөнөр жай комплексин колдоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

iDyikan платформасы мамлекеттик кызматтарды жана финансылык инструменттерди электрондук форматта бириктирген аграрийлер үчүн бирдиктүү санариптик терезе катары өнүктүрүлүүдө.

Мындан тышкары, келечекте iDyikan мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда. Бул кызматтарга жана каржылоого жетишүүнү дагы да ыңгайлуу кылат.

Каттоодон өтүү боюнча кеңири кадамдык нускама iDyikan платформасында жеткиликтүү.