Бишкек, 25.09.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстанга жогорку өндүрүмдүү асыл тукум малдарды алып келүү, аларды багуу үчүн заманбап шарттарды түзүү, ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу жана сапаттуу тоют базасын өнүктүрүү маселелери каралды.
Ошондой эле мал чарба комплекстерин түзүү, селекциялык-генетикалык иштерди күчөтүү жана бул багытта адистерди даярдоо боюнча пикир алышуу болду.
Тараптар долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары биргелешип карап, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга жана кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.