Айыл чарба тармагына санариптик технологияларды киргизүү талкууланды

Аймак 11 сентябрь 2026 17:30
Айыл чарба тармагына санариптик технологияларды киргизүү талкууланды
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) кызматташтыкты кеңейтет. Маселе министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушуусунда талкууланды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун учурдагы кызматташтыгы, улуттук жана регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен иштерди мындан ары кеңейтүү маселелери каралды.

Тараптар агрардык секторду жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, санариптик жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө, суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана жайыттарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, ветеринария тармагында антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.