Окуу китептеринин көйгөйүн толук чечүүгө убакыт керек – Төлөгөн Аматов

Коом 25 сентябрь 2026 19:20
Окуу китептеринин көйгөйүн толук чечүүгө убакыт керек – Төлөгөн Аматов

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Окуу китептери боюнча көйгөй көп жылдан бери чечилбей келе жатат. Аны толук жоюуга эки жыл жетишсиз болушу мүмкүн. Бирок каржылоо өз убагында бөлүнсө, маселени 90 пайызга жабууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу “Окуу китеби” мекемесинин директору Төлөгөн Аматов “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бир окуу китебин жазып чыгууга бир жарым жылга чейин убакыт кетет. Ал эми даяр китепти басып чыгарууга орто эсеп менен 2-3 ай талап кылынат.

“Буга карабастан, параллелдүү түрдө ар бир предмет боюнча командаларды түздүк. Аларды күчтөндүрөбүз. Эгер жигердүүлүк менен иштеп, каржы өз убагында бөлүнүп берилсе, бул маселени толук жабууга мүмкүн”, — деди Аматов.