Бишкек 10.06.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы жаңы окуу китептерин басып чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен 744 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу жыл жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Азыркы учурда 3–9-класстын окуучулары үчүн англис тили боюнча 1 млн 262 миң 420 даана окуу китеби 272,7 млн сомго басылып чыкты. Мындан тышкары, Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен кошумча 158 миң 700 даана китеп дээрлик 25 млн сомго басылып чыгарылды.
1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн математика жана табият таануу сабактары боюнча окуу китептеринин экспертизасы аяктап калды. Ошондой эле Россиянын Билим берүү министрлиги менен биргеликте 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери адаптацияланууда.
"Бардык класстар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде окуу китептеринин толук топтомун басып чыгаруу 2028-жылы аягына чыгарылат", - деди министрдин орун басары.