Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Мындан ары жаңы басылып чыккан ар бир окуу китебине QR-код жана өзүнчө ID номери киргизилет. Бул тууралуу “Окуу китеби” мекемесинин директору Төлөгөн Аматов “Кабар” агенттигинин "Элден собол" берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, QR-код жана ID номери аркылуу китептин кайсы районго, андан кийин кайсы мектепке жеткирилгенин көзөмөлдөөгө болот.
“Ошондой эле китепти кайсы окуучу канча жолу колдонгону тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жаңы чыгарылып жаткан китептерге булар сөзсүз түрдө киргизилет”, — деди Аматов.
Ал белгилегендей, акыркы эки жылда 10 миллионго жакын окуу куралы басылып чыкты. Китептер менен камсыздоо маселесин толук чечүү үчүн дагы 38 млн нускадан ашык окуу китебин басып чыгаруу зарыл.
“Китеп көйгөйүн жабуу үчүн жалпы 48 млн китеп басып чыгаруу керек. Алдыбызда дагы 38 млн китеп басып чыгаруу милдети турат”, — деди “Окуу китеби” мекемесинин директору.